• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-июлда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук жана бир тууган өзбек элинин бакубатчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров биргелешкен аракеттер менен Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жогорку деңгээлдеги ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк түзүлүп, жетишилген эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштер толугу менен уланып жатканын баса белгиледи.

Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев жылуу куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, бир тууган кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Өлкө лидерлери ошондой эле кыргыз-өзбек эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, аймактык күн тартибин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий