Бишкек, 04.10.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-октябрда, Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жергиликтүү калкка кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы чек ара маселелерине жана "Кемпир-Абад" суу сактагычына байланыштуу кеңири маалымат берилди.
Мындан тышкары, район тургундары аларды кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Жолугушууга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
Пикир
Оставить комментарий