Садыр Жапаров жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш бейформал жолугушуу өткөрүштү

Президент 0


Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш бүгүн, 2-июлда, Ысык-Көлдү бойлото теплоходдо бейформал жолугушуу өткөрүштү.

Теплоход менен сейилдегенден кийин Садыр Жапаров менен Антониу Гутерриш “Номад” этно-комплексиндеги этномаданий программа менен таанышты.

Улуттук стилде жасалгаланган боз үй шаарчасы кыргыз улуттук кол өнөрчүлүгүнүн ар түрдүүлүгүн көрсөттү.

Жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен таанышуу учурунда президент Садыр Жапаров Антониу Гутерришке кыргыз баш кийимин — ак калпакты белекке берди.

Жогорку даражалуу коноктор үчүн ат оюндары, жаа атуу, тайгандар жана бүркүттөр менен мергенчилик уюштурулду. Маданий иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий