• 87
  • 91.29
  • 0.84

Садыр Жапаров жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырды

Президент 0

Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Ар бир кыргызстандык шайлоого катышканга милдеттүү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Өлкө башчысынын пикиринде, жарандар шайлаган талапкер же партия 5 жыл бою ошол шайлоочулардын тагдырын чечет. Мындан улам Кыргызстандын ар бир жараны шайлоого активдүү катышуусу зарыл.

"Ушуга көп жарандар маани бербейт. Ошол үчүн кыргызстандыктар шайлоого активдүү катышуусу керек. 5 жыл бою алар жергиликтүү кеңештин бюджетин карайт, кайсы акчаны каякка жумшоону чечет. Бюджетти бекитүүгө макулдугун берет же бербейт. Эгерде коррупционерлер шайланып, добуш сатып алгандар, күчкө салып өтүп кеткендер болсо, анда жергиликтүү бюджеттин акчаларын айыл өкмөтпү, мэрби же акимдерби биргелешип алып 5 жыл бою жешет. Муну көрүп эле келгенбиз, башкаруу системасын өзгөрткөндөн кийин мындай көрүнүштөр азыр токтоп калды. Эми эл активдүү катышып таза партияларды, таза адамдарды шайлашы керек", - деп белгиледи Садыр Жапаров

Пикир

Оставить комментарий