Садыр Жапаров жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 09.06.24. /Кабар. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы - Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу жеңил өнөр жай кызматкерлери!

Бул тармактын ардактуу ардагерлери!

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Өлкөбүздө жалпы өндүрүштүн олуттуу бөлүгү болуп саналган жеңил өнөр жай тармагы улуттук өнүмдөрдүн жалпы көлөмүнө чоң таасирин тийгизүү менен экономикабызды өнүктүрүүдө маанилүү орунду ээлейт.

Азыркы атаандаштык шартында биздин жеңил өнөр жай ишканаларыбыз керектөө рыногундагы суроо-талапка өзгөчө көңүл буруп, ассортименттерин арттырып, алдыңкы технологияларды колдонуп жатышканы алкоого арзыйт.

Ушу тапта өлкөбүздө жеңил өнөр жай тармагы кайра иштетүү өнөр жайындагы жумушчу орундардын саны боюнча алдыңкы орунду ээлөө менен мамлекеттин социалдык маселелерин чечүүгө чоң салым кошууда. Бул тармактагы сапаттуу иш алып баруунун жана жогорку квалификациялуу адистердин ишмердигинин аркасында биз ата мекендик өндүрүштүн сапаттуу өнүмдөрүн сатып алууга мүмкүнчүлүк алдык. Биздин “Кыргызстанда жасалган” улуттук брендибиз жакынкы эле эмес, алыскы чет өлкөлөрдө да белгилүү.

Сиздердин жалпы республикабыздын экономикасына, элибиздин жашоо-шартын жакшыртууга кошкон салымыңыздарды жогору баалайбыз. Мамлекет жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүнү мындан ары да улантат. Ошону менен бирге жеңил өнөр жай ишкерлеринен өндүрүштө санариптик технологияларды колдонууну, технологиялык процесстердин экологиялык коопсуздугун сактоону, ресурстарды үнөмдөөнү жана мамлекеттин экономикалык, стратегиялык коопсуздугун жогорулатууну күтөт.

Бүгүнкү күндө жеңил өнөр жайын тынымсыз модернизациялоо менен бирге өндүрүштүн темпин арттыруу жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу өтө маанилүү. Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын, анын ичинде пахтаны кайра иштетүү, текстиль, тигүүчүлүк, бут кийим тигүү, булгаары, мех жана жүндү кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн келечеги кең. Бул тармактык сегменттер биздин өлкө үчүн олуттуу потенциалды билдирет.

Ата мекендик өндүрүштүн сапаттуу товарлары менен камсыздаган урматтуу жеңил өнөр жайчылар, бул тармакка салым кошкон ардактуу ардагерлер, кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!

Жогорку кесипкөй чеберчилигиңиздер, чыгармачыл мүмкүнчүлүгүңүздөр жана талбаган эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем.

Бул тармактын бардык кызматкерлерине чың ден соолук, узак өмүр тилейм. Ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштоп, жаратман ишиңиздер менен жаңы бийктиктерди багындырып, өлкөбүздүн даңкын даңазалай бериңиздер!”

Пикир

Оставить комментарий