• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Садыр Жапаров ЖККУ кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Астананын Эгемендүүлүк сарайына келди

Президент 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына (ЖККУ ЖКК) катышуу үчүн Астана шаарынын Эгемендүүлүк Сарайына келди.

Иш-чарага келген өлкөлөрдүн лидерлерин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.

ЖККУ ЖККнын ишине Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана уюмдун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов катышууда.

Пикир

Оставить комментарий