• 87
  • 90.41
  • 0.84

Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча 29-конференциясынын Жогорку сегментинде сөз сүйлөдү

Президент 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Азербайжандын Баку шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясынын Жогорку деңгээлдеги сегментинде сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу төрага,

Урматтуу делегация башчылары,

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Биринчиден, Азербайжанды КОП-29ду өткөрүүсү менен куттуктап, климаттык аракеттер боюнча дүйнөлүк лидерлердин Саммитин мыкты уюштургандыгы үчүн урматтуу Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Гейдарович Алиевге терең ыраазычылык билдиргим келет. Мындай ири иш-чаранын боордош өлкөдө өтүп жатканы биз үчүн кубанычтуу.

Глобалдык климаттын өзгөрүшү тездеп бара жаткан шартта, бүгүнкү күндө биз Париж келишиминин максаттарына жетүү үчүн климаттык иш-чараларды координацияланган, жеткиликтүү каржылоо маселесин талкуулап, бир пикирге келүүгө тийишпиз.

Биз климаттын өзгөрүшүнө каршы чараларды каржылоо боюнча жаңы жамааттык максатты тез арада кабыл алууну колдойбуз жана өнүккөн өлкөлөрдү өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге жардамды эки триллион АКШ долларына чейин жеткирүүгө жана бул каражаттарды алуу жолдорун жеңилдетүүгө чакырабыз.

Кыргызстан өз тарабынан климаттык жана туруктуу өнүгүү долбоорлоруна тышкы карызды алмаштыруу механизмин демилгеледи. Биз мамлекеттик тышкы карызды конкреттүү жашыл долбоорлорго алмаштыруу аркылуу реструктуризациялоону сунуштайбыз, анын ичинде Кыргызстанда түзүлүп жаткан Климаттык трасттык фонддун механизмин пайдалануу менен экология жана туруктуу тоо өнүгүүсү тармагындагы долбоорлор каржыланат. Бул фонддун ишмердүүлүгүнө кызыкдар өлкөлөрдү катышууга чакырам.

Учурдан пайдаланып Түркия менен Германияга ыраазычылыгыбызды билдирип кетким келет, анткени ушул эки өлкө карыздарды «жашыл» долбоорлорго которууну чечишти.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Улуттук деңгээлде аныкталган салымдардын негизинде, Кыргыз Республикасы парник газдарынын эмиссиясын 2030-жылга карата "иштердин адаттагыдай эле жүрүшү сценарийи" боюнча 16%га, ал эми эл аралык колдоо болсо 44%га кыскартууну пландап жатат.

Биз энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергетикалык эффективдүүлүктү жогорулатуу, газдаштыруу аркылуу көмүр керектөөсүн кыскартуу, электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүүдөгү жоготууларды азайтуу, шаарларда жылуулук менен камсыздоо системаларын жакшыртуу жана энергетикадагы көйгөйлөрдү азайтууда элдин маалымдуулугун жогорулатуу аркылуу көмүртек нейтралдуулугуна жетүүнү көздөп жатабыз.

Бул контекстте энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлорду белгилеп кетким келет. Мисалы, коңшу өлкөлөр менен биргеликте аймактагы эң ири гидроэлектростанциялардын бири болгон Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча долбоору ишке ашырыла баштады. 2023-жылы Кыргызстанда 10 чакан ГЭС ишке киргизилди. Ушул жылы дагы 15 чакан ГЭС куруу, ошондой эле жалпы кубаттуулугу 400 МВттан ашкан күн электростанциялары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.

Климаттын өзгөрүшү шартында суу ресурстарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу маселелери өзгөчө актуалдуу болуп жатат. Ушуга байланыштуу өнүгүү боюнча өнөктөштөрүбүздү энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү боюнча Регионалдык борборду Бишкек шаарында түзүү демилгесин колдоого чакырабыз.

Кымбаттуу катышуучулар,

Жылдын биринчи жарымында Кыргызстан жер көчкүлөрүнүн санынын кескин өсүшүнө туш болду: 300дөн ашык окуялар инфраструктуранын олуттуу бузулушуна, адамдардын каза болушуна жана кооптуу аймактарда жашаган миңдеген тургундардын көчүрүлүшүнө алып келди. Мындан тышкары, биз мөңгүлөрдүн эриши, алардын аянтынын кыскарышы, суунун азайышы, кургакчылык жана чөлгө айлануу сыяктуу көйгөйлөрдү байкап жатабыз.

Тоолуу аймактардагы жана экосистемалардагы процесстерге байланыштуу тоолордо гана эмес, ошондой эле төмөнкү аймактарда жашаган адамдардын жашоосу дагы көз каранды экендигине Сиздердин көңүлүңүздөрдү бургум келет. Региондогу суу ресурстары климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жылдан жылга азайып, суу-энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугуна жана жалпы эле бардык өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизүүдө.

Акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16%га кыскарды, ал эми айрым аймактарда дээрлик бардык мөңгүлөр жок болуп кеткен. 2100-жылга карата мөңгүлөрдүн жарымынан көбүн жоготуп алышыбыз мүмкүн.

Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселесинин маанилүүлүгүн эске алып, БУУнун Башкы Ассамблеясы биздин демилгебиз менен 77-сессиясында «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясын кабыл алып, анын алкагында 2023-2027-жылдар Тоо аймактарын өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланды.

Бардыгыңыздарды «Тоолуу беш жылдыктын» жыйынтыгын чыгара турган 2027-жылы Кыргызстандагы Бишкек+25 Экинчи Глобалдык Тоо саммитине чакырам.

Урматтуу достор, жогоруда айтылган демилгелерди ишке ашырууда биз өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосуна, тоолуу гана эмес, башка өлкөлөрдүн да колдоосуна ишенебиз, анткени тоолор 1,1 миллиард тоолуу региондордун тургундарын гана эмес, төмөнкү аймактарда жашаган 2 миллиардга жакын адамды суу жана башка ресурстар менен камсыз кылат.

Биз глобалдык жылуулукту кармоо боюнча алдыга коюлган максаттарга биргелешкен аракеттер менен гана жетише алабыз жана планетабыздын коопсуз жана туруктуу келечегин камсыздоо үчүн негиз түзө алабыз.

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат”.

Пикир

Оставить комментарий