• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Садыр Жапаровдун Италия жана Ватиканга болгон расмий сапары аяктады

Президент 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Италия Республикасына жана Ыйык Тактыга (Ватикан) 2-4-октябрда болгон расмий сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында 3-октябрда Римде президент Садыр Жапаровдун Италиянын президенти Серджо Маттарелла менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Андан соң эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, анда тараптар сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарга кошумча дем берет деген ишенимин билдиришти.

Садыр Жапаров бул жолугушуу Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы акыркы 25 жылдагы биринчи жогорку деңгээлдеги жолугушуу экенин белгиледи.

Андан соң Киджи Сарайында ррезидент Садыр Жапаровдун Италиянын министрлер кеңешинин төрайымы Джорджа Мелони менен расмий жолугушуу аземи болуп, андан соң эки тараптуу сүйлөшүүлөр да өттү.

Баарлашуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери, ошондой эле инвестиция, энергетика, транспорт, логистика, туризм жана башка негизги багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнүн перспективалары боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров менен Италиянын министрлер кеңешинин төрайымы Джорджа Мелонинин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алынып, бир катар документтерге кол коюлду.

Ошол эле күнү мамлекет башчысы Италиянын Депутаттар палатасынын Спикери Лоренцо Фонтана жана Италия Республикасынын Сенатынын спикери Иньяцио Ла Русса менен жолугушту.

Парламенттер аралык дипломатияны чыңдоо, ошондой эле мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү ж. б. маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров Италиянын ишкер жана чыгармачыл чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Мамлекет башчынын расмий сапарынын алкагында Римде “Кыргызстан” паркынын ачылышы болуп, бизнес-форум да өттү.

4-октябрда Ыйык Тактыда президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова Рим Папасы Франциск менен жолугушту.

Баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы тынчтыктын, адилеттүүлүктүн жана элдер менен диндердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн бийик принциптерин жана идеалдарын илгерилетүүгө болгон берилгендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Ватиканда Садыр Жапаров Ыйык Тактынын (Ватикан) мамлекеттик катчысы Пьетро Паралин менен жолугушуп, маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери талкууланды.

Андан кийин Ватикан музейинде жана Ыйык Петр Соборунда экскурсия болду.

Расмий сапарын аяктап, 4-октябрда президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.

Пикир

Оставить комментарий