• 89.12
  • 95.1
  • 0.95

Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтүнүн үчүнчү жылы. Бул аралыкта жасалган жумуштар (тизме)

Президент 0

Бишкек, 28.01.24./Кабар/. Бүгүн Садыр Жапаровдун Кыргызстандын президенти кызматына киришкенине туура үч жылдын жүзү болду. Буга карата президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков бул аралыкта аткарылган жана учурда жасалып жаткан айрым иштерди тизмектеген.

Алар:

1. Президенттик башкаруу системасын киргизип, бүт жоопкерчиликти өзүнө алды. Мурда парламент, президент жана өкмөт - үч баштуу башкаруу болуп, эч кимиси жоопкерчиликти алган эмес.

2. 28 жыл чет элдик компаниянын менчигинде болгон “Кумтөрдү” мамлекетке алды. Натыйжада кирешеси өсүп, 100% мамлекет иштетип баштады. Салыштырып айтсак, 28 жылда 410 тоннадан ашык алтын казылып сыртка чыгып кеткен, Кыргызстан болгону 100 млн доллар гана үлүштүк киреше алган. Мамлекетке өткөндөн баштап казылган алтын жана андан түшкөн киреше элдин кызыкчылыгына жумшалып жатат.

3. Коррупция менен күрөш жүрүп, көп жылдан бери элдин ырыскысын тоноп байыгандардын мүлктөрү мамлекетке кайтарылды. Миллиарддаган акча каражаттары казынага түштү.

4. 1990-жылдардан кийин пайда болгон УКТ – уюшкан кылмыш тобу менен бир дагы бийлик күрөшкөн жок. Тескерисинче аларды күчөтүп, тилектеш болуп, саясатта оппоненттерине каршы пайдаланып келишкен. Алар бийликтин колдоосуна таянып, ишкерлерди тоноп, ар кимдин мүлкүн, байлыгын тартып алып, тамыры жайылып кеткен. Бул бийликтин дагы бир эрктүүлүгү - УКТнын күлүн көккө сапырды.

5. 2021-жылдары Адахан Мадумаров баш болгон бир катар мурдагы саясатчылар – жаңы келген бийликти эл аралык саясатта алсыз, кадыры жок, бир дагы башка өлкөнүн президенти өлкөгө басып келбейт деген анализдерин беришкен. Үч жылда тышкы саясат жолго коюлду, 2023-жылды эле алсак, президент Садыр Жапаров 20дан ашык өлкөгө мамлекеттик, расмий жана иш сапарлар менен барды. Мындан тышкары ондогон өлкөлөрдүн лидерлери, абройлуу уюмдардын жетекчилери Кыргызстанга келди.

6. Тышкы саясаттын жакшыруусу менен эгемендик алгандан бери чечилбей келген Өзбекстан менен болгон чек ара тилкелери такталып, чекит коюлду. Убагында мезгил-мезгили менен жаңжал чыгып, газын токтотуп, чек ара эшигин жаап алган эки өлкө, эми эң ынак досторго айланды. Тажикстан менен дагы чек араны тактоо иштери дээрлик аягына жакындап, алдыңкы күндөрдө чекит коюлары күтүлүүдө.

7. Кыргызстан мурда жакырчылыкка баткан Африка өлкөлөрүнүн катарындагы тизмеде, карыз сураган мамлекет катары таанымал болсо, азыр туруктуу өнүгүп жаткан, экономикасы ирденип, бир катар көрсөткүчтөр боюнча алдыга секирик жасаган кубаттуу мамлекетке айланууда. Жакында эле куралдуу күчтөр боюнча тизмеде 7 позиция алдыга жылып, 100 кубаттуу өлкөнүн катарына кирдик. Эл аралык абройлуу уюмдар “Кыргызстан туруктуу өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирди”-деп бегиледи. 2023-жылдын январь-август айларында ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө эмгек акынын эң жогорку өсүш темпи Арменияда – 113,9%, Кыргызстанда – 112,2% жана Беларуста – 109,3% катталган. Кыргызстан алдыңкы 3 мамлекеттин катарына кирген.

8. 2020-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 247,7 миллиард сомдун айланасында болсо, 2023-жылы консолидацияланган бюджет 574,5 миллиард сомдон ашты. Мамлекеттин ички дүң продукциясы триллиондук чектен өттү.

9. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстанды байланыштырып, андан ары дүйнөгө кулачын жайган темир жолдун курулушу башталды. Мамлекет эгемен алдандан кийин биринчи жолу Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруп жатат. Чүй облусунда темир-бетон шпалдарды чыгарган завод ишке кирип, өндүрүш пайдаланууга берилди. Андан алыс эмес жерде, “Кумтөр” ишканасы тарабынан эски дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү заводу ачылды.

10. 2020-жылдары энергетика тармагынын карызы 130 миллиард сомдон ашып кеткен. ГЭСтер курулбай, электр жабдуулары эскилиги жеткен. Мамлекет энергетика тармагында кескин чараларды көрүп баштады. Кубаттуулугу 1860 МВт “Камбар Ата-1” ГЭСинин курулушун баштады. Токтогул ГЭСинин 4 агрегаты жаңыланып кошумча 240 МВт кубаттуулук кошулуп жатат. Мындан тышкары Ат-Башы ГЭСи реконструкциядан өтүп, кубаттуулугу жогорулады, “Үч-Коргон” ГЭСинде реконструкция иштери жүрүүдө. Электр линиялары, трансформаторлор четинен жаңыга алмаштырылып жатат. Жалпысынан 50гө жакын Чакан ГЭСтер, күн жана шамал электр станцияларынын курулуштары кызуу жүрүүдө. Таласта 25 МВт кубаттуулуктагы “Бала-Саруу” ГЭСи бүттү. Кыргызстан эгемендик алган аралыкта 2020-жылга чейин болгону “Камбар Ата-2” ГЭСинин бир агрегатын гана ишке киргизген. Учурда ГЭСтерди курууда жаңы тарыхтын барактары ачылды!

11. Дүйнөдө болуп жаткан согуш-апааттар, эки жолку чек ара чырындагы окуялар аскердик күчтөнүү зарылчылыгы бар экенин көрсөттү. Мамлекет бул багытта жаңы аскердик техниканы, учкучсуз “Байрактар”, “Аксүнгүр”, “Акынжы” аппараттарын, зооттолгон унаалар, абадан коргонуучу ракеталар, тик учактарды, курал жарактарды сатып алды. Чек арачылардын айлыгы 17 миң сомдон 80 миң сомго чейин көтөрүлдү. Натыйжада Кыргызстан Куралдуу күчтөрдүн рейтинги боюнча 7 позицияга алдыга жылып, 100 күчтүү мамлекеттин катарына кирди.

12. Жол куруу тармагына 2023-жылы 298 жаңы техника алынды. Мурда мамлекеттин балансында союздан калган эскилиги жеткен техника колдонулуп келген. Натыйжада Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өткөн жылы 700 чакырымдан ашык асфальт жол курду. Бул натыйжа мамлекет эгемендик алган жылдардагы эң бийик көрсөткүч.

13. Социалдык коргоо чөйрөсүнө жөлөкпулдар акыркы 2 жылда үч этап менен көтөрүлдү. 2023-жылдын 1-октябрдан тартып пенсия орточо 38%га көтөрүлдү. Жакырчылыкты жеңүүнүн эффективдүү модели катары Президенттин социалдык контракт – жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берүү демилгеси башталды. 2022-жылы 2800 үй-бүлөгө, 2023-жылы 10 миң үй-бүлөгө берилди, натыйжада: 50 миң адамдын жашоо-шартын жакшыртып, 30 миңдей жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болууда. 2024-жылы 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет, ага 2 млрд сом каралган.

14. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин потенциалын жогорулатуу багытында акыркы үч жыл ичинде Airbus H-125, H-145 жана МИ-8МТВ1 тик учагы алынды. Бул тармак үч жыл ичинде жалпы 702 техника менен толукталды, 502си жаңы техника. Алар өрт өчүрүүчү унаалар,

2 мобилдүү госпиталь, жүк ташуучу, оор инженердик жана жеңил унаалар, Ысык-Көлгө куткаруучу катер ж.б Республикалык бюджеттен жана эл аралык уюмдар менен кызматташуунун алкагында алынган.

15. Миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен, иш жүзүндө там салынып, ондогон жаңы конуштар пайда болгон. Ушуга байланыштуу көптөгөн көйгөйлөр жаралып, социалдык чыңалууну жараткан. 3 жыл мурун Жер мунапысы мыйзамы кабыл алынган. Жер мунапысы боюнча кампания башталгандан бери өлкө боюнча турак үйлөр салынган жерди мыйзамдаштырып берүүнү өтүнүп 140 миң 889 арыз жазылган. 26 700 техникалык паспорт, жер тилкелерине 39 103 кызыл китеп берилген.

16. Айыл чарбада дыйкан менен фермерлерди колдоо максатында акыркы эки жылда 43,1 млрд сом берилди. Натыйжада: лизингге 2431 техника алынды. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай азыктары 2022-ж. 61,9 млрд сомго өндүрүп, мурдагы жылга карата 2 эсеге жогорулаган. Айыл чарба продукцияларынын экспорту 2022-ж. 34 млрд сомду түзүп, 1,8 эсеге көбөйгөн. Учурда мамлекет азык-түлүктүн 5 түрү менен өзүн камсыздай алат. Ирригацияга 2 жылда 2 млрд сом бөлүндү. 2024-жылга ирригацияга, спец.техникаларга 2,2 млрд сом каралды. 600 км канал ишке берилди. БСР, БДРлер, гидротехникалык курулмалар, суу ѳлчѳѳчү посттор тазаланып, жаңысы салынып жатат. Союз тарагандан бери 1-жолу жайыттарга тоют чөптөрүнүн үрөндөрү себилип баштады.

17. 2021-2022-2023-жылдары республикалык бюджеттен жана ар кандай фонд, уюм, булактардын эсебинен жалпы 189 мектеп курулуп, 43 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Мындан сырткары 4 мектепке кошумча имарат салынып, 9 мектепке кошумча спорт залдар курулду. 2021-2023-жылдары бала бакчалардын жалпы саны 186 га көбөйүп, 1834кө жетти. 2022-жылы өлкө жетекчилигинин колдоосу менен мугалимдердин айлыгы 80% га жогорулады. Эл үмүтү стипендиясы уюштурулуп, 2021-2022-жылдары республикалык бюджеттин эсебинен 23,9 млн. сомго 700 компьютер сатылып алынды. Үч жыл ичинде бала бакчадан баштап университетке чейин кабыл алуу санариптештирилди.

18. Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү. 60 ири ишкана ишке кирди, 7 700 туруктуу жумуш оруну пайда болду. Өнөр жайды модернизациялоо жүрүп жатат: Майлы-Суу заводу, Кыргыз петролиум, Джунда, БШЗ заводу, Азия сталь металл иштетүү, Кыргыз продукт ж.б. жанданды. “Кыргызиндустрия” ишканасы 2 жылда 20 ишканага старт берди. Топчу, мык, фурнитура, пластик, фарфор, электроника, принтер, ксерокс, ККМ аппараттары, кирпич, бетон, азот жер семирткичтерин жана башкаларды чыгарган өзүбүздүн өнөр жай заводдорубуз пайда болду.

19. Саламаттыкты сактоо тармагы 2022-жылы 207 атайын жабдуулар, 335 автоунаа, анын ичинен 218 тез жардам, 117 санитардык унаа сатып алынды. 2023-жылы 30 мед.объектте курулуштар жүрдү, облустук ооруканалар жаңырды, перинаталдык борборго 152 млн сом жумшалып ачылды. Биричин жолу быйыл Кыргыз-түрк ооруканасында бөйрөк алмаштыруу операциялары жасалды, атайын жабдууга 1 млн доллар Президенттин фондунан бөлүндү. Медицина жаатында 101,2 млн доллар гранттык колдоолор болду. Мамлекеттик саясатта “Кыргыз фармация” ишканасы түзүлдү.

20. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) уставдык капиталы 2020-жылы 480 млн сом гана болчу. Бүгүнкү күндө МИКтин уставдык капиталы 13,5 млрд сомго жеткирилди. МИК боюнча мамлекеттик саясат өзгөрдү: наркы арзан жана элге жеткиликтүү рыноктук шарттарда үйлөр курулуп жатат. Бишкекте эле 6 миңден ашык квартира курулуп жатат, мындан тышкары аймактарда дагы ипотекалык негизде берилүүчү батирлердин курулуштары кызуу жүрүүдө.

21. Мамлекет спорт тармагына да өзгөчө көңүл бурду. Жыл сайын спорт тармагына бөлүнгөн бюджет көбөйүүдө. 2020-жылы бул тармакка 1 млрд жакын сом бөлүнсө, 2024-жылы 1,7 млрд сом каражат каралды. 1-орун алгандарга Азия оюндарына – 1 млн 250 миң сом, Дүйнө чемпиондоруна – 1 млн сом, олимпиадалык оюндарга 10 млн сом берилүүдө. Биздин спортчулар мелдештерде 258 алтын, 241 күмүш, 313 коло, жалпы 812 медаль утуп алышкан. Жалал-Абад шаарында "Барселона" футбол академиясынын ачылышы болду, Чүйдө 35 миң кишиге ылайыкталып, жалпы аянты 109 миң чарчы метрди түзгөн "Барселона" футбол академиясынын жаңы стадиондун курулушуна капсула салынды.

22. Президенттин “Жашыл мурас” демилгеси ишке ашырылууда: 5 жыл мурда жылына 400 гектар жерге экме токойлор отургузулчу, эки жылдан бери 2200 гектар жерге отургузулду, 5 эсеге көп. Питомниктердин саны, аянты, көчөттөрдүн саны жана түрү да эки эсе көбөйтүлдү. Шаар-айылдарга 1 миллионго жакын көчөттөр жашылдандырууга берилүүдө. Мамлекет башчы айлана-чөйрөнү коргоо максатында Ысык-Көлдү тазалоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Быйыл Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдү браконьерлердин балык торлорунан жана көлдүн түбүнө түшкөн таштандылардан тазалоого катышты.

23. Президенттин иш башкармалыгы мурда жалаң гана расмий конокторду күтүү, узатуу жана сыйлоо менен алектенсе, эки жылдан бери ири курулуштар, эс алуучу жайларды, парктарды куруу менен алектенип жатат. Эгемендик жылдардан бери каралбай калган мамлекеттик имараттарды оңдоодон өткөрүп, бир топ социалдык, туризм ошондой эле жалпы улуттук маанидеги ири долбоорлорду ишке ашырып жетишти. Мурдагы Президент Курманбек Бакиевдин Бишкек шаарындагы талкаланган үйүнүн ордуна, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “Келечек” реабилитациялык борбордун куруу иштери жүрдү. Бишкек шаарынын Байтик баатыр көчөсүндө Кыргыз-Азербайджан достук паркы ачылды. Балыкчы шаарында модулдук үйлөрдү чыгаруучу заманбап ишкана ишке кирди. Чолпон-Ата шаарындагы сейил багы курулду. Москва шаарында «Кыргызстан» соода-көргөзмө борборунун имараты толук капиталдык ремонттон өттү. Чолпон-Ата шаарындагы «Акылман» президенттик лицейи ачылды. «Ала Арча» улуттук жаратылыш паркынын жолуна асфальт басылып, эски имараттары жаңыланды. Жакында заманбап үлгүдөгү 24 даана А-фрейм глэмпингдерди куруп, колдонууга берди. Аларды шаардын тургундары, келген коноктор, туристтер пайдаланса болот. Профсоюздун карамагынан Президенттин Иш башкармалыгына өткөн "Жыргалаң" санаторийинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары көп мисалдар бар.

24. Эгемендүүлүк алган жылдардан бери Кыргызстандын маданият чөйрөсүндө мамлекеттик колдоонун, өзгөчө каржылоонун жетишсиздигинен маданият көңүл сыртында калган тармактардын бири болчу. Акыркы үч жыл ичинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине бюджеттек каржылоо жыл сайын өсүүдө. Мисалы: 2023 – жылы 6 млрд 977 млн 830 миң 300 сомго каржыланды. (2020-жылга салыштырмалуу дээрлик 5 млрд сомго көп каржы каралды) Улуттук идеалогиянын сап башында турган маданият тармагынын ишин артыкчылыктуу багыт катары каралып, 2022-жылы маданият кызматкерлеринин айлыгы 70%дан 100%га чейин жогорулады.

2023- жылы маданиятты, искусствону, жаштарды жана өнүктүрүүгө жана колдоого бюджеттен жалпы 800 млн сомго жакын каражат бөлүндү. Мындай кадамдар аркылуу тарыхый-маданий мурастарды сактоого жана андан ары өнүктүрүүгө, профессионалдык искусствого дем берүүгө багыт алып, учурда маданий мекемелрге музыкалык аспаптар, тийешелүү жабдуулар, спектакль коюу жана гастролдорго чыгуу, китеп чыгаруу, өнөр адамдарын костюмдар менен камсыздоого, чыгармачыл союздарды колдоого жумшалды. Алгачы жолу бюджеттен 40 райондук жана 2 шаардык маданият мекемелеринин ар бирине сахна кийимдеринин толук топтомун алууга акча каражаттар бөлүндү. Мындан сырткары, мамлекеттик маданий мекемелерди ремонттоо иштери активдүү жүрүп жатат.

25. Чек ара чыры, мезгил-мезгили менен чыккан жаңжалдар, көңүл сыртында калып келген Баткен облусуна өзгөчө статус ыйгарылды. Өрүкзар аймагын ар траптуу өнүктүрүү максатында акыркы үч жылда Баткен облусунда 674 обьектте иштер жүрдү. Мындан сырткары 2021-жылы орун алган чек ара окуясында жабыркаган 140 турак үй, 2022-2023-жылдары – 417 турак үй жаңыдан курулуп, 4 турак үй капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Таза суу, жол, мектеп, оорукана, балдар бакчалары сыяктуу социалдык обьектилердин муктаждыктары чечилүүдө.

26. Аймактык территориалдык реформа жүрүүдө. Пилоттук режимде Түп району жана Нарын облусунда жүрдү. Натыйжада: жаңы түзүлгөн айыл аймактарында үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен башка зарыл иш-чараларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Каракол жана Жалал-Абад шаарларына 2 млрд сомдон каражат бөлүнүп, бул шаарлар кулпуруп өзгөрдү. Нарын шаарына көп кабаттуу ипотека менен турак жай курууга, экономикалык долбоорлорду каржылоого акча бөлүндү, азыр Нарын шаарынын 18,5 км ички көчөлөрү жасалды. Жалпысынан Нарын облусу боюнча 134,8 км жол асфальттанат.Ош шаары өзгөрүүдө: таза суу маселеси чечилди, жаңы 6 скважина казылды, 4 суу кампа салынды. Жолдор оңдолуп, көчөлөр асфальттанды. Навои, Масалиев кесилишине уникалдуу өтмөк курулду.

27. Кыргызстан биринчи жолу жарандык паспорт чыгара баштады. Бул максатта “Учкун” мамлекеттик ишканасы үчүн заманбап жабдыктар сатып алынган. Буга чейин Кыргызстандын жарандарынын паспорттору чет мамлекеттерде басылып келген. Натыйжада, чет элдик жеке компанияларга кеткен ири чыгымдар кыскарып, мамлекеттин казынасына түшүп жатат. Мурда Кыргызстан жылына орточо 1,5 миллионго чейин ID-кард жана жалпы жарандык паспортторту буйрутма кылып келген.

28. Санариптештирүү акыркы үч жылда алда канча алдыга жылды. Учурда бардык мамлекеттик мекемелерде электрондук документ жүгүртүү системасы “Infodocs” (СЭД) иштеп жатат. Мындан тышкары, “Түндүк” тиркемеси жалпы жарандардын ишин жеңилдетти. Азыр үйдө отуруп эле, компьютерден, ал гана эмес уюлдук телефондон каалаган справканы чыгарып алса болот. Кыргызстанда санарип паспорт жана айдоочулук күбөлүк, нике тууралуу жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк колдонула баштады. Бул кызматтарды жарандар уюлдук телефонуна жүктөлгөн “Тундүк” мобилдик тиркемеси аркылуу колдоно алышат. Президент Садыр Жапаров бүт өлкө боюнча 70 жарандык жана санариптик билим берүү борборлорун ишке киргизди.

29. Президент Садыр Жапаровду түйшөлткөн көйгөйлөрдүн бирөөсү - унаа жолундагы кырсыктар эле. Өлкө башчысы кырсыктарды азайтуу максатында ички аба каттамдарын жандандырууга көңүл буруп жатат. Аймактарда аэропорттор курулуп, ички каттамдар жанданат. Кыргызстандын ичиндеги 7 облусту байланыштырган аба каттамын жандандыруу боюнча иш кызуу жүрүп жатат. Анын алкагында, «Нарын», «Казарман», «Талас», «Жалал-Абад» жана «Кербен» аэропорттордунун учуу-конуу тилкелерин, перрондорун оңдоо, асфальтоо иштери жүрүп, иштер дээрлик бардык аба майдандарында жыйынтыкталды. 2024-жылы 4 даана самолет алынып, ички каттамдарга коюлат. Билет баасы арзан, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болот.

​30. Мамлекет жүз миңдеген шаар тургундарынын күн сайын керектөөсүнө айланган коомдук транспортторду жаңылоого белсенди. Ордо калаабызда коомдук транспорт көйгөйлүү маселе болуп келгенине көп жыл болгон. Маселени чечүү максатында, Президент тарабынан автобустардын ири партиясын сатып алуу тапшырмасы коюлган. 2023-жылдын башында 1 млрд ашык сомго каржыланып 120 автобус алынды. 2023-жылдын март айында кытайлык «Zhongtong bus hoiding co., Ltd" компаниясы менен 1000 автобус сатып алуу боюнча келишимге кол коюлуп, сентябрь айында Бишкекке 250 автобус келди. Калганы 2024-жылдын биринчи кварталында күтүлүүдө. Ош шаарына да 100 даана автобус алынат. Былтыр болсо Жалал-Абад шаарына жаңы 50 автобус берилди.

31. Бүгүнкү күнү өлкөбүздө курулуш тармагы ыкчам өнүгө баштады. Бул тармактагы мамлекеттик саясат – “долгострой” курулуштарды бүтүрүү жана инфраструктураны жаңыртуу. Бакыркы 3 жыл ичинде бардык тармактар боюнча 1724 социалдык объект бүттү. 106 таза суу объектиси бүттү, 231 миң адам ичүүчү таза суу менен камсыз болду. 451 турак жай салынды. Бул үчүн 3 жылда 49,7 млрд сом капиталдык салымдарга бөлүндү. 2024-жылга 8 млрд сом каралган. Мамлекеттик саясат курулуш тармагына, дегеле кайсы гана тармакта болбосун, инвесторлордун ийгиликтүү иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багыт алды, бул үчүн ар кандай кепилдиктер жана преференциялар - жеңилдиктер берилүүдө.

Акыркы 3 жылда мамлекет мектептердин курулушу боюнча мыкты жетишкендиктерге ээ болду. 2023-жылы 124 мектеп (105 мектептин курулушу жана 19 мектептин ондоп-түзөөсү) бүткөрүлдү. Мурунку жылдарга салыштырмалуу бул көрсөткүч аябай жогорулады (2021-жылы 59 мектептин курулушу жана ондоп-түзөөсү, 2022-жылы 37 мектептин курулушу жана ондоп-түзөөсү бүткөрүлгөн). 2024-жылы мектептердин курулуш маселесин артыкчылыктүү түрдө кароо пландалууда. Жалпысынан 2023-жылдын жыйынтыгы менен 210 социалдык-маданий багытындагы объекттер бүткөрүлдү: жогорудагы 124 мектептен тышкары, 11 бала бакча, 5 саламаттык сактоо, 9 спорт жана маданият тармагындагы объекттер, 15 башка объекттер (турак-жай, административдик имараттар ж.б), 46 таза суу объекттери.

32. Өзүбүздүн “Кыргызиндустрия” компаниябыз 20 чакты долбоорду ишке ашыруу менен алпурушуп, электроника, топчу, мык, фурнитура, пластик, фарфор, принтер, ксерокс, ККМ аппараттары, кирпич, бетон, азот жер семирткичтерин жана башкаларды чыгарган өзүбүздүн өнөр жай заводдорубуз пайда болууда.

Машина куруу жаатында Өзбекстан менен биргеликте автотранспорт каражаттарын чогултуу жана өндүрүү боюнча “Алтын тулпар” заводун куруп жатабыз. Атайын техниканы чыгаруучу “Шахман” заводунун курулушу да башталганы турат. Курулуш материалдарды өндүрүүдө “Терек-Таш” клинкер, цемент заводдору жана “Асылташ” керамикалык плита, керамогранит өндүрүү заводу курулуп жатат.

33. Акыркы 3 жылда элдин үнү угулуп, үмүтү жанды. Эл менен бийликтин ортосунда ой бөлүшүү аянтчасына айланып калган Элдик эки курултай өттү. Элдик Курултай өсүп-өнүгүүнүн жолдорун издеген, акылдашып-кеңеше турган улуттук улуу жыйын. Маселенин туура коюлганы – анын жарым-жартылай чечилгени. Мисалы, мектептердин курулушу, жерлерди трансформациялоо, асфальт жол жана таза суу боюнча маселелердин саны кыйла азайды, мурда ар бир экинчи суроо дал ушул маселелерге тиешелүү болгон. 2022-жылдагы курултайда делегаттардан 3182 суроо-талап түшкөн. Алардын басымдуу бөлүгү аткарылды. Аткарылбай калгандары тактатып, иликтенип, тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосунда, Президенттин көзөмөлүндө турат.

34. Салык жана бажыдан түшкөн кирешелер 3 эсе көбөйдү. Маселен, мурда бажы тармагынан жылына 30 миллиард сомдун айланасында жылдык киреше чогулса, азыр жылына 111 миллиард сомдун тегерегинде киреше казынага түштү. Салык кызматы эч кандай ставкаларды көтөрбөй, салыктын жаңы түрүн киргизбей эле кирешени 2-3 эсеге жогорулатты.

Пикир

Оставить комментарий