• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Садыр Жапаровдун рейтинги өсүүдө - кыргызстандыктар арасындагы сурамжылоо

Коом 0

Бишкек, 15.10.22. /Кабар/.Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун рейтинги 2022-жылдын апрелиндеги акыркы сурамжылоодон бери 4%га өстү. Бул тууралуу Эл аралык республикалык институттун улуттук сурамжылоосунун жыйынтыгында айтылат.

Сурамжылоо 2022-жылдын 10-августунан 5-сентябрына чейин жүргүзүлүп, ага 18 жаштан жогорку курактагы 1500 кыргызстандык катышкан.

Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Садыр Жапаровго респонденттердин 38%ы ишенет. 2022-жылдын апрель айында бул көрсөткүч 34%ды түзгөн.

Президенттен кийин экинчи орунда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев турат. Ага респонденттердин 18%ы ишенет. Апрель айындагы акыркы сурамжылоодо ал ушундай эле көрсөткүчкө ээ болгон.

Андан кийинки орунда депутат Нуржигит Кадырбеков турат, ага респонденттердин 11%ы ишенет. Апрель айында бул көрсөткүч 13%ды түзгөн.

Эл өкүлү Адахан Мадумаровдун рейтинги мурунку сурамжылоого салыштырмалуу 2%га жогорулап, 10%ды түздү.

Депутат Эрулан Кокуловго ишеним деңгээли төмөндөдү. Ага апрель айында кыргызстандыктардын 5%ы ишенсе, азыр 4%ы ишенет.

Депутат Дастан Бекешев менен Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевге 2%ы ишеним көрсөткөн. Өткөн жылы ушундай эле көрсөткүчтөр болгон.

Жанар Акаевдин рейтинги 1%дан 2%га өскөн.

Өмүрбек Бабановдун көрсөткүчү ошол деңгээлде калып, 1%ды түздү.

Кыргызстандыктардын 13%ы эч кимге ишенбейт.

Пикир

Оставить комментарий