• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Садыр Жапаровдун туулган күнүнө карата бир катар куттуктоолор келип түштү

Президент 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун туулган күнүнө карата бир катар куттуктоолор келип түштү, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өзүнүн куттуктоо катында Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңеши Садыр Жапаровду демилгелүү жана таланттуу жетекчи, максатка умтулган жана кайдыгер эмес адам катары биле турганын белгиледи.

«Сиздин ишенимдүү жетекчилигиңиз астында Кыргыз Республикасында маанилүү ички саясий жаңылануулар жүргүзүлүүдө. Сиздин өзгөчө иш билги сапаттарыңыз, чечимдерди кабыл алуудагы ырааттуулугуңуз жана жогорку кесипкөйлүгүңүз мамлекеттин жана коомдун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган бардык пландарыңызды ишке ашырууга жардам береринен күмөн санабайм”, - деп айтылат анын куттуктоосунда.

Ошондой эле мамлекет башчысын туулган күнү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин куттуктап, президент Садыр Жапаровдун Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасын байланыштырган достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин чыңдоого кошкон олуттуу жеке салымын белгиледи.

“Жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында соода-экономикалык жана илимий-техникалык маданий-гуманитардык кызматташтык алдыга карай өнүгүп, кеңири чөйрөлөрдө келечектүү долбоорлорду алдыга жылдыруу үчүн жагымдуу шарттар түзүлүүдө”, - деп айтылат Михаил Мишустиндин куттуктоосунда.

Казакстан Республикасынын Биринчи президенти Нурсултан Назарбаев да куттуктоосун жолдоду. «Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы союздаштык жана кылымдар бою келаткан достук мамилелердин жогорку деңгээли мындан ары да эки боордош элдин жыргалчылыгы үчүн сакталып, чыңдала берерине ишенем», - деп айтылат анын куттуктоосунда.

Ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысы Станислав Зась президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. «Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргыз Республикасы евразиялык мейкиндикте тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоодо барган сайын өсүп жаткан ролду ойноп, социалдык-экономикалык өнүгүү жолу менен ишенимдүү бара жатат», — деп айтылат куттуктоодо.

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович куттуктоо телеграммасында Садыр Жапаровго туруктуу колдоосу жана Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди чыңдоого өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Чжан Мин, Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев жана “ТҮРКСОЙ” Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун Башкы катчысы Султан Раев да куттуктоолорду жөнөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий