• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Садыр Жапаровдун Жаңы жылдык видео куттуктоосу саат 23:42де көрсөтүлөт

Президент 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Жаңы жылдык видео куттуктоосу саат 23:42де көрсөтүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ал мамлекет башчысынын кайрылуусу бардык республикалык телеканалдардан көрсөтүлө тургандыгын айтты.

"Бүгүн кечинде президент Жапаров өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын узатып жатып, алгачкы жолу мамлекет башчысы катары кыргызстандыктарга Жаңы жылдык куттуктоосу менен кайрылат", - деди Эрбол Султанбаев.

Пикир

Оставить комментарий