• 87
  • 90.41
  • 0.84

“Саякбай ” кыргыз тасмасын Түркияда көрсөтүштү

Маданият 0


Бишкек, 02.02.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Түркиянын Анкара шаарында күн мурун режиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай. 20-кылымдын Гомери” кыргыз тасмасын көрсөтүштү. Бул тууралуу КРдин Түркиядагы элчилигинен кабарлашты.

Андан тышкары, жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган көргөзмө уюштурулду.

"Саякбай” көркөм тасмасында 20-кылымдын Гомери сүрөттөлөт, тагыраагы “Манас” эпосунун улуу айтуучусу Саякбай Каралаев жөнүндө сөз болот. Манасчы өз жашоосун ойлоп жатып Кыргызстандын жана советтер союзунун тарыхындагы кульминациялык тарыхый окуяларды эстейт.

Тасмадагы башкы тема “Манас” баатырдык үчилтигинин табышмагы болуп эсептелет. Саякбай кыргыз баатыры жөнүндө айтып берген уникалдуу адам болгон.

Пикир

Оставить комментарий