“Саякбай” тасмасы “Алтын глобус” сыйлыгынын узун тизмесине кирди

Маданият 0


Бишкек, 28.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Голливуддун чет элдик басылмалар ассоциациясы тарабынан берилген "Алтын глобус" сыйлыгынын уюштуруучулары "Мыкты чет элдик тасма" номинациясынын узун тизмесине кирген тасмалардын катарына режиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” тасмасы да кирген.

Бардыгы болуп аталган тизмеге 52 өлкөдөн 73 тасма киргизилген.

Саякбай Каралаев – советтик кыргыз акыны жана улуу манасчы. 1894-жылы Ысык-Көл облусунун Семиз-Бел деген жеринде Бугу уруусундагы Карала кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Анын эс тутуму абдан жакшы болгон, кыргыз улуттук фольклорун жакшы билген. Манасчы “Манас” үчилтигинин өзү иште чыккан эпикалык сюжеттерин аткарган. Мыкты төкмө акын болгон. С.Каралаев көптөгөн медалдар менен сыйланып, Кыргыз ССРинин эл артисти болгон.

Каралаев 1971-жылы 7-майда Фрунзеде каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий