Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. “Бүгүнкү күндө факты жана так маалыматы жок туруп, Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасында абалды курчутуп жаткан адамдардын тобу бар”. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине эксперт, саясат таануучу Шерадил Бактыгулов билдирди.
Анын айтымында, Кемпир-Абад суу сактагычын куруу демилгеси 60-70-жылдары совет мезгилинде көтөрүлгөн. Анда максат айыл чарба тармагын өнүктүрүү гана болгон.
“Кемпир-Абад суу сактагычы ГЭСтердин бир комплексине кирет. Ага эки Андижан ГЭСи, бир бөлүштүрүүчү түйүн жана Кемпир-Абад суу сактагычынын өзү кирет. Алардын баары Кара-Дарыя дарыясынын боюнда жайгашкан. Курулуш долбоору өткөн кылымдын 60-жылдарында башталып, 70-жылдардын ортосунда пайдаланууга берилген. Өз кезегинде суу сактагычтын жетекчилиги өзбек тарапта болгон. Кемпир-Абад суу сактагычын курууда Кыргызстан 4400 гектар жеринен ажырап, советтик Өзбекстан Кыргызстанга 4100 гектар жерди өткөрүп берген, азыр 300 гектардын ордуна Кыргызстан 1000 гектар жерди алып жатат”, - деди ал.
Бактыгулов бүгүнкү күндө аталган суу сактагыч боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр тууралуу жетиштүү деңгээлде билими жок адамдар атайылап көбүртүп-жабыртып жатышканын белгиледи.
“Президент Садыр Жапаров жакында эле бул боюнча мамлекеттин позициясын билдирди. Жапаров Кыргызстан эч нерсесин жоготкон жок экенин айтып, элди бардык процедуранын жыйынтыгын күтүп турууга чакырды. Президент суу сактагыч биргеликте башкарыла турганын ачык айтты. Тактап айтканда, суу Кыргызстан жана Өзбекстандын пайдасына колдонулат. Ошол эле учурда баары ачык-айкын болушу үчүн эки тарап тең биргеликте иш алып барат. Мындан сырткары, тараптар суунун деңгээлин түшүрүүнү макулдашты, ал өз учурунда Кыргызстанга кошумча жердин пайда болушуна алып келет”, - дейт саясат таануучу.
Эксперт учурда Кемпир-Абаддын берилиши боюнча так далил жок экенин айтып, бул маселени дыкаттык менен кароо керектигин кошумчалады.
Пикир
Оставить комментарий