• 87
  • 90.41
  • 0.84

Саясат талдоочу: Москвага барып, бийликти айтып арыздануу эч бир саясатчыга аброй алып келбейт

Коом 0

Бишкек, 25.07.19 /Кабар/. "Москвага барып, бийликти айтып арыздануу эч бир саясатчыга аброй алып келбейт", - дейт саясий серепчи Марат Казакпаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин В. Путин менен Москвадагы жолугушуусу тууралуу айтып жатып.

Анын пикири боюнча, Россиянын президенти менен болгон жолугушууда Алмазбек Атамбаев Путинге өзүнүн ордун баскан, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тууралуу арызданган болушу мүмкүн.

"Менимче, бул нерсе адамга аброй алып келбейт. Башкача айтканда ал бийликтин саясатчыларынын баары, мурдагы чиновниктер бир нерсе болсо эле Россия президентине арызданууга барышат. Менимче, кандай болгон күндө да бул жаман нерсе. Атамбаев өзү президент болуп иштеген. Эми ал Москвага барып, Путинге арызданууда", - дейт ал.

Анын айтымында, бул жагымсыз көрүнүш болууда.

"Менимче, Россиянын президентинин учурдагы президенттин айланасында биригүү керектиги жөнүндө пикири туура. Эки революцияны эске алганда, алар бул жакта дагы бир окуялар болушун каалабайт", - дейт Казакпаев.

Эскерте кетсек, 24-июль күнү Кремлде Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди кабыл алган. Жолугушуудан кийин Россиянын президенти учурда Кыргызстанга саясий туруктуулук жана эл учурдагы президенттин айланасында биригиши керектигин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий