• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Сак болуңуз! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, бүгүн, 28-августта күндүн экинчи жарымында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ жарандарды катуу шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс, коопсуз жайларда болууну эскертет.

"Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз, токтоосуз 112 кызматына чалыңыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий