Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эки саат аралыгында жана кечинде катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Буга байланыштуу Кыргызгидромет жарандарды этият болууга чакырат.
Пикир
Оставить комментарий