Саламаттык сактоо министри Бишкекке келген катардык хирургдар тобунун жетекчиси менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Катардан келген хирургдар тобун жетектеген профессор Абдулсалам Аль-Кахтани жана кохлеардык имплантацияны колдоо боюнча комитеттин жетекчиси М. Саад Омран Аль Кувари менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууга ошондой эле Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайырбек Сулайманов, профессор Вадим Насыров жана башкалар катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө угуусу начар балдарга кохлеардык имплантация жасоо боюнча Катар мамлекетинен келген кесиптештер менен кызматташуу маселелери талкууланды.

Талкуу учурунда министр балдарга көрсөткөн жардамы үчүн Катар мамлекетине жана профессор Аль-Кахтаниге ыраазычылык билдирди. Ал келечекте биздин ото-хирургдар мындай операцияларды өз алдынча жасай алышы үчүн Бишкектен жана башка аймактардан ото-хирургдарды Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында пландаштырылган ЛОР-операцияларга катышып, кохлеардык имплантация боюнча практикалык көндүмдөрдү алуусу үчүн жөнөтөөрүн билдирди.

Өз кезегинде профессор Абдулсалам Аль-Кахтани жакынкы үч жылда хирургдар тобу угуусу начар балдарга 300гө жакын кохлеардык имплантация операциясын жасоону пландап жатканын билдирди. Ошондой эле келечекте хирургдарыбыз мындай операцияларды өз алдынча жасашы үчүн кыргыз адистерин окутуу боюнча мастер-класстарды өткөрөт, ал эми Катар мамлекети кохлеардык импланттарды акысыз берет.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу жемиштүү кызматташууну улантууга макулдашышты.

Эскерте кетсек, 7-декабрдан 15-декабрга чейин Катар мамлекетинин ото-хирургдары Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун лор-дарыгерлери менен биргеликте атайын комиссия тарабынан тандалып алынган 50гө жакын балага бекер операция жасашат.

Пикир

Оставить комментарий