• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Саламаттык сактоо министри Бишкектеги балдар бейтапканасынын иши менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. Күн мурун саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы Балдардын адистештирилген консультациялык бейтапканасына (БАКБ) барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, оорукана балдарга өз убагында, сапаттуу жана жеткиликтүү амбулатордук медициналык жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн.

Оорукананын директору Айнура Абдылдаева министрге бейтапкана 2024-жылдын 2-январынан тарта иштеп баштагандан бери 18 жашка чейинки балдарга катталган жерине карабастан адистештирилген медициналык кенештерди берип жатканын билдирди. Дарыгерлер бейтаптарды жумасына алты күн, дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 08:00дөн 18:00гө чейин, жекшембиде нөөмөттөгү дарыгерлер 08:00дөн 14:00гө чейин кабыл алышат.

"Бүгүнкү күндө бейтапканада жогорку квалификациялуу адистер иштейт: педиатрлар, кардио-ревматологдор, невропатологдор, ортопеддер, отоларингологдор, логопеддер, дерматологдор, аллергологдор, урологдор, ошондой эле массажист. БАКБ ачылгандан бери бул жерге 29553 кайрылуу катталса, анын 60-65% педиатрия бөлүмүнө. Бейтапканага күнүнө орто эсеп менен 180-200 бала кайрылат", - деди директор.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев бул мекеменин балдардын ден соолугу үчүн мааниси зор экенин баса белгиледи.

"Балдардын адистештирилген консультациялык бейтапканасы биздин балдарыбыздын ден соолугун чыңдоодо маанилүү ролду ойнойт. Биз медициналык жардам ар бир бала үчүн жеткиликтүү болушуна аракет кылабыз. Ар бир бала керектүү медициналык жардамды өз убагында жана сапаттуу алуусу үчүн биз мындан ары да мындай демилгелерди колдоп, өнүктүрөбүз", - деди министр.

Ошондой эле ал клиниканын кызматкерлерине талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий