• 87
  • 90.63
  • 0.79

Саламаттык сактоо министри Клиникалык тез жардам ооруканасына барды

Ден соолук 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы Клиникалык тез жардам ооруканасына барды.

Ведомстводон билдиришкендей, Бейшеналиев иш сапардын жүрүшүндө медициналык мекеменин жамааты менен жолугуп, учурдагы көйгөйлөрдү талкуулап, аларды чечүүнүн жолдорун белгиледи.

Талкуунун негизги темаларынын бири оорукананын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу болду.

Ошондой эле министр стерилизация жана кир жуучу бөлүмгө автоклав орнотуу зарылчылыгына көңүл буруп, медициналык аспаптарды сапаттуу стерилизациялоону камсыз кылуу үчүн бул жабдыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

Министр аны менен катар Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптар жана медицина кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам алуу үчүн оорукананын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштерди уланта берерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий