Саламаттык сактоо министри "Максат" реабилитациялык борборуна барды

Коом 0

Бишкек, 01.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облустук “Максат” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана жетим балдарды реабилитациялоо борборунда болушту.

Министрликтен билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө борбордун тарбиялануучуларына белектер – таттуулар жана кир жуугуч машиналар берилди. Иш-чарада коомдун аярлуу катмарына колдоо көрсөтүүнүн жана аларга кам көрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

"Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө биз ар бир баланы коргоонун жана колдоонун маанилүүлүгүн эскертишибиз керек. Балдар биздин келечегибиз жана алардын өсүп-өнүгүшү үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу коом катары биздин милдетибиз. Биз аларга медициналык жардам көрсөтүү менен гана чектелбестен, ар бир бала өзүн корголгон жана сүйүктүү сезиши үчүн эмоционалдык колдоо көрсөтүүгө аракет кылабыз. Биргелешип иштөө менен биз балдарыбыз үчүн дүйнөнү жакшыраак кыла алабыз”, - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Чүй облустук ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана жетим балдар үчүн «Максат» реабилитациялык борбору 70 орунга ылайыкталган.

Борборго Чүй облусунун бардык райондорунан жана башка аймактардан 1,5 жаштан 16 жашка чейинки балдар кабыл алынат.

60 күнгө созулган реабилитациялык курс дары-дармектерди, массажды, физиотерапияны, социалдык көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн профессионалдык терапевттин сеансын, ошондой эле клиникалык психологдун жана социалдык педагогдун сеансын камтыйт.

Бул иш-чаралар балдардын жеке мүмкүнчүлүктөрүн жана жөндөмдүүлүктөрүн эске алуу менен ишке ашырылат, алардын ар тараптуу өнүгүүсүнө жана социалдык интеграциясына көмөктөшөт.

Пикир

Оставить комментарий