• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Саламаттык сактоо министри менен ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү кызматташтыкты талкуулашты

Ден соолук 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, ДССУнун өкүлү Бейшеналиевди министр кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун ортосундагы өлкө кызматташтыгынын жети жылдык стратегиясын талкуулашты. Бул стратегия саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” улуттук программасы менен шайкештирилет.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын калкынын ден соолугунун бакубаттулугу үчүн өз ара сый мамиледе кызматташууну улантууга ниетин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий