Саламаттык сактоо министрлиги: Чүй облусу “кызыл” зонага кирди

COVID - 19 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Республикалык вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча илимий-практикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов маалымат жыйындын жүрүшүндө Чүй облусу коронавирус боюнча “кызыл” зонага киргенин билдирди.

“Бир суткада Чүй облусунда COVID-19дун 49 жаңы учуру катталган, анын ичинен 40 учур – лабораториялык, 9 учур – клиникалык-эпидемиологиялык симптом менен тастыкталды. Бишкек мурдагыдай эле “кызыл” зонада калууда. Ал эми Ысык-Көл “сары” зонада, калган 5 облус “жашыл” зонада турат”, - деди ал.

Ошондой эле, Нурматов Кыргызстан дүйнөлүк статистикада “жашыл” зонада экенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий