Саламаттык сактоо министрлиги кош бойлууларга бир катар маанилүү кеп-кеңештерди сунуштайт

Ден соолук 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Кош бойлуулардын медициналык кызматкерлердин тыкыр көзөмөлүндө болуусу түйүлдүктүн туура жетилүүсүн шарттайт.

Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги болочоктогу энелерге кайрылып, кош бойлуу болгондон баштап, алар кандай иш-аракеттерди унуткарбай жасоо керектигин, кандай медициналык кызматтар акысыз көрсөтүлөрүн тизмектеди.

  • Кош бойлуулар Үй-бүлөлүк медицина борборуна катталуусу керек. Анда дарыгер менен биргеликте кош бойлуулуктун көзөмөлдөө планы талкууланып, “Көзөмөлдөө картасы” берилет;
  • Милдеттүү медициналык камсыздоо полисин акысыз алышат;
  • Акысыз медициналык кызмат алууга укуктуу;
  • Дарыгерге 9 ирет көрүнүп, базалык текшерүүлөрдөн өтүүсү шарт;
  • Физикалык жана эмоционалдык абалына байкоо жүргүзүүсү кажет;
  • Электрондук рецепт жаздырып, фолий кычкылдыгы менен йодго 90%га, темир камтыган дары каражаттарына 50%га чейин арзандатуу алат;
  • Анализдерди өз убагында тапшырып туруу керек;
  • Дене тарбия менен машыгуу маанилүү;
  • Эгер кош бойлуунун жүрөгү-башы айланса, кан акса, шишисе, дене табы жогоруласа, түйүлдүк кыймылдабаса, кооптуу белгилерди көз жаздымда калтырбай, дароо дарыгерге кайрылуусу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий