Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги III Элдик курултайдын делегаттарынын көйгөйлөрүн угууда. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинин адистерине өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген 50дөн ашык делегат кайрылып, өз көйгөйлөрүнө жооп алышты.
"Делегаттар оорукана куруу, инфраструктураны оңдоо жана тез жардам унаалары менен камсыздоо боюнча суроо-талаптарды айтышты", - деп айтылат маалыматта.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган адистер делегаттар көтөргөн маселелерди талдап, алардын айрымдарын жеринен чечүү үчүн аракеттерди көрүп, тиешелүү жардамдарды көрсөтүшүүдө.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай өтүүдө. Курултайга 689 делегат катышып жатат.
Элдик курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинини мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү катышууда.
Пикир
Оставить комментарий