• 88.68
  • 95
  • 0.95

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-түрк достук ооруканасын быйыл ачууну пландап жатат

Коом 0

Бишкек, 26.07.19. /Кабар/. “Биз кыргыз-түрк достук ооруканасын ачуу тууралуу келишимин ратифакциялоо жараянын аяктадык”, - деди министр Космосбек Чолпонбаев “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында.

Анын айтымы боюнча, оорукананын куруу иштери толугу менен аяктап, учурда жарыктандыруу иштери жүрүүдө. “Оорукананы ачуу тууралуу келишимин ратифакциялоо процесси биз тараптан аяктап, кол коюлган. Эми түрк тараптан ратификацияга кол коюуну күтүп жатабыз. Кол коюулары менен каржылоо жүрүп, оорукана ачылат. Оорукананы ушул жылы ачып жетишебиз деген үмүттөр бар”, - дейт Чолпонбаев.

Эскерте кетсек, келишимдин негизинде борбор калаада кыргыз-түрк достугунун Бишкек мамлекеттик ооруканасы ачылат. Оорукана 72 орунга саналган (21 орун кайра жандандыруу бөлүмүндө). Бул поликлиникага КРнын жарандарына, жарандыгы жок адамдарга жана баардык кайрылгандарга медициналык жардам көрсөтүлөт.

Кийинки үч жылда оорукана эки тарап менен биргеликте жетектелет. 3 жылдык мөөнөт аяктагандан кийин оорукана толугу менен КР өтөт. Андан кийинки үч жыл Түркиянын саламаттык сактоо министрлиги ооруканада байкоо жана координациялоо иштерин улантат.

Пикир

Оставить комментарий