Саламаттык сактоо министрлигинде лабораториялык инфраструктураны өнүктүрүү маселеси каралды

Ден соолук 0

Бишкек, 28.09.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министр Алымкадыр Бейшеналиев “Roche Diagnostics” компаниясынын Борбор Азия жана Кавказ боюнча директору Хасан Демирчи менен жолукту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушууга Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борборунун жетекчилиги дагы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар керектүү инновациялык лабораториялык жабдуулар менен жабдуу жана ар кандай инвестициялык механизмдерди колдонуу менен оорулардын кеңири спектрин диагностикалоонун алдыңкы ыкмаларын киргизүү аркылуу лабораториялык инфраструктураны өнүктүрүү жана чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле “Roche Diagnostics” компаниясы Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борбору менен кызматташуунун алкагында борбордун саламаттык сактоодогу жаңы технологияларды баалоо жана жайылтуу боюнча кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экени белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий