• 87
  • 90.59
  • 0.87

Саламаттык сактоо тармагы оор жоготууга учурады. Академик Мамбет Мамакеев дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 24.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагында опол-тоодой орду бар, белгилүү хирург, профессор, КР Эл баатыры, академик Мамбет Мамакеев 97 жаш курагында каза болду.

Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. 70 жылга жакын иш тажрыйбасында 30 миңден ашык операция жасаган. Дүйнөдөгү эң кары хирургдардын бири Мамбет Мамакеев 97 жашка чыкканына карабай ишин улантып келди.

1960-жылдары Мамбет Мамакеев доктордук диссертациясын негизги илимий эмгектери өт ооруларын дарылоо, өттөгү ташты хирургиялык жол менен алуу, ошондой эле бейтаптарга хирургиялык шашылыш жардам көрсөтүүгө арнады. 1974-жылы госпиталдык хирургия кафедрасында иштеп жүрүп профессор наамын алган. 120 ашык илимий эмгектердин (анын ичинен 8 монографиянын) автору.

"Кабар" агенттиги белгилүү хирург, академик Мамбет Мамакеевдин каза болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий