• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Салмагы 130 кг. Бишкек шаарынын тургуну короосуна кара куурай өстүрүп алган

Коом 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Бишкек шаарында жеке туракжайдын короосунан 130 килограммдан ашык өстүрүлгөн кара куурай табылып алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК башка милдеттер менен катар баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүн табуу, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Бул багытта чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин ("Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү") негизинде кылмыш иши козголуп, ал кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында Ч.Б.Т. аттуу жаранынын жеке үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн, натыйжада үйдүн короосунан ири өлчөмдө өстүрүлгөн кара куурай бадалдары табылган.

Табылган жерди текшерүүдө өсүмдүктөр жасалма түрдө өстүрүлүп жатканы жана кылдаттык менен кам көрүлгөнү байкалды.

Өстүрүлгөн кара куурай бадалдары белгиленген тартипте алынып, контролдук таразага ылайык өсүмдүктүн жалпы салмагы 130 кг түзгөн.

Учурда бардык жагдайларды тактоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК курамында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган өстүрүүгө тыюу салынган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү кылмыш болуп саналаарын жана мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий