• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Салттуу ислам кыргыздын өзөктүк өзгөчөлүгүнө каршы болгон эмес

Коом 0


Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда паранжа жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарды.

Эл өкүлүнүн пикиринде мындай чара өлкөдөгү коопсуздук үчүн маанилүү.

Кыргыз коомунда мындай чектөөнү киргизүүнү жактагандар да, ага каршы болгондор да бар. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору коомчулукта ар кандай талкууларга жем таштады.

Айрымдар өлкөдө динди жамынып чектен чыккандар бар экенин белгилешсе, кээ бирлери бул жарандардын дин тутуу эркиндигине жолтоо болот дегент ойду айтышууда.

Эл өкүлү бул мыйзамды сунуштоонун зарылчылыгын, динге жамынып алып кыргыз улутуна жат, терс көрүнүштөрдүн, коомдо өрчүп бара жаткандыгы менен түшүндүрөт жана бул мыйзам, ата-бабаларыбыз тутунган салттуу исламга эч кандай карама каршы келбейт деп эсептейт.

Пикир

Оставить комментарий