Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. “Салык элдин жонунан кайыш тилгендей болбошу керек!”, - деди президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жаңы дайындалган төрагасы Адылбек Касымалиевге жана Салык кызматынын жаңы дайындалган төрагасы Алманбет Шыкмаматовго тапшырма берип жатып. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, мамлекет башчысында өлкө боюнча чоң-кичи базардагы, дүкөн-күркөлөрдөгү соода менен алектенгендердин ишмердүүлүгүндө жаралган көйгөйлөр боюнча акыркы толук маалымат бар.
Дал ушуга байланыштуу президент Садыр Жапаров жакында эле министрлер кабинетинин жаңы дайындалган төрагасы Адылбек Касымалиевге жана Салык кызматынын жаңы дайындалган төрагасы Алманбет Шыкмаматовго ЭТТН боюнча тез арада тыкыр анализ жасап, бул ыкманы ири товарларга гана калтыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү тапшырган.
"Ошондой эле президент Садыр Жапаров жалпысынан фискалдык саясатты элге кошумча жүк болбогудай, ошол эле учурда көмүскө экономиканын үлүшүн көбөйтпөй тургандай кылып иштеп чыгуунун максаттуулугун белгилеген.
Жооптуу кызматкерлер мамлекет башчысына өз учурунда маалымат берип турушат", - деп жазды ал.
Пикир
Оставить комментарий