• 87
  • 90.41
  • 0.84

Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 18.06.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 8-майында кабыл алынган.

Ысытылган тамекиси бар буюмдарга жана электрондук сигареттерде колдонулган никотин камтыган суюктуктарга акциз салыкты киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий