• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Салык кызматы 1-сентябрга чейин мүлк салыктарын төлөө керектигин эскертти

Экономика 0

Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө 1-сентябрга чейин бир катар мүлк салыктарын төлөө керектигин эскертет.

Ведомстводон билдиришкендей, көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:

– транспорт каражатына салык,

– турак үй, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),

– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндөгү айып пул каралган. Ошондой эле, ар бир кечиктирилген күн үчүн карыздын суммасына 0,09% өлчөмүндө туум кошулат.

Мүлк салыгын төлөө – бул көп убакытты талап кылбаган жөнөкөй процесс. Аны мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм терминалдары, ошондой эле банктардын кассаларынан жана почта бөлүмдөрү аркылуу онлайн режиминде жүргүзүүгө болот.

Салыктарды төлөө үчүн:

– транспорт каражатына салык төлөө үчүн ээсинин ЖИНин, транспорттун мамлекеттик номерин жана салык мезгилин көрсөтүү керек. Салыктын суммасы автоматтык түрдө эсептелет.

– үй жанындагы, короо-жай жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө үчүн менчик ээсинин ЖИНин, аймагын жана салыктын суммасын киргизүү керек.

– турак жай үйлөрүнө жана батирлерге салык төлөө үчүн КМБны (укукту күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк бирдигин), зоналык коэффициентти, салык салынбаган аянттын өлчөмүн жана салык мезгилин көрсөтүү талап кылынат.

Ошондой эле, салыктарды cabinet.salyk.kg сайтындагы Салык төлөөчүнүн кабинетинде түзүлгөн төлөм коду боюнча же "Salyk.kg" мобилдик тиркемеси аркылуу оңой жана тез төлөөгө болот. Бул кызматты колдонуу менен салык төлөөчүгө салыктын суммасын эсептөөнүн же кошумча маалымат издөөнүн кажети жок, система баарын автоматтык түрдө жасайт.

Бул үчүн, "Салык төлөө" модулунан мүлктүн түрүн жана салыктын мезгилин тандап, тиешелүү мүлктү белгилеп, "Төлөө" баскычын басуу керек. Система мобилдик банк тиркемелери, төлөм терминалдары, банктардын кассалары жана почта бөлүмдөрү аркылуу төлөө үчүн колдонула турган QR-кодду же сандык код түрүндөгү төлөм кодун берет.

Банктардын кассалары жана почта бөлүмдөрү аркылуу төлөөдө ээсинин ЖИНи жана унаанын мамлекеттик номери көрсөтүлүшү керек. Кассалык оператор төлөмдү жүргүзүү үчүн кодду түзөт.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий