• 87.86
  • 93.94
  • 1

Салык кызматы 20 миңден ашуун алкоголдук ичимдикти тартып алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 20 миңден ашуун алкоголдук ичимдикти тартып алды, - деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарындагы жана Ош облусундагы рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө алкоголдук продукциянын мыйзамсыз сакталгандыгын жана тийиштүү лицензиясыз жана уруксат берүүчү документтерсиз сатылып жаткандыгын аныкташты.

Бардыгы болуп мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2 млн сомдон ашык суммада ар кандай аталыштагы жана идиштеги 20 миң 819 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды.

Ишкердик субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий