• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Салык кызматы активдерди легалдаштыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу эскертет

Экономика 0

Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы жарандарга "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" мыйзамынын алкагында 2024-жылдын 31-декабрына чейин активдерди легалдаштыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу эскертет.

Ведомстводон билдиришкендей, мыйзам 2023-жылдын 1-январына карата менчик активдерди легалдаштырууну карайт, анын ичинде:

- кыймылдуу мүлк;

- кыймылсыз мүлк;

- акча каражаттары жана башка активдер.

Декларанттарга активдердин сакталышына жана жазыктык куугунтуктоодон корголушуна кепилдиктер берилет. Мында легалдаштырылган активдер үчүн салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө талап кылынбайт.

Жарандарга ыктыярдуу мыйзамдаштыруу үчүн төмөнкүлөр керек:

– атайын декларациянын формасын толтуруу;

– атайын декларацияны мамлекеттик же жеке нотариустан күбөлөндүрүү (анын ичинде консулдук мекемелерде жана чет өлкөдөгү элчиликтерде);

– декларациялоо мөөнөтүнүн ичинде номиналдык ээлеринен декларантка карата менчик укугун кайра каттоо.

Эскерте кетсек, "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Мыйзамынын максаты жеке жактардын мүлкүн жана кирешелерин мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу, өлкөнүн экономикасына ички жана тышкы инвестицияларды көбөйтүү, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу, ошондой эле активдердин сакталышынын кепилдигин камсыз кылуу жана алардын ээлерин активдерди ыктыярдуу декларациялоо киргизилгенге чейин орун алган мыйзам бузуулар үчүн мамлекеттик органдар тарабынан куугунтуктоодон коргоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий