• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Салык кызматы 3,1 млрд сом мүлк салыгын чогултту

Экономика 0

Бишкек, 10.09.2024 /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын январь-август айларында 3 млрд 199,2 млн сом мүлк салыгын чогултту.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 379,4 млн сомго көп.

Бул сумманын 845,7 млн сомун кыймылдуу мүлк салыгы түздү, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 79,5 млн сомго көп. План 4,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

Кыймылсыз мүлк салыгы боюнча план 87,6 млн сомго ашыгы менен аткарылып, 1 млрд 251,3 млн сом чогултулду. Өткөн жылга салыштырмалуу салыктын бул түрү боюнча 145,9 млн сомго көп жыйналды.

Жер салыгы боюнча жыйымдар 1 млрд 102 млн сомду түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 153,9 млн сомго көп. План 140,6 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

Эскерте кетсек, 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак жайларга жана үй жанындагы, короо-жай жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий