• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Салык кызматы 7 айда рейддин жүрүшүндө 10 миңге жакын субъектте бузууларды аныктады

Экономика 0

Бишкек, 23.08.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 7 айында рейддик салык контролдун жана контролдук сатып алуунунун жыйынтыгында 9 миң 820 ар кандай бузууларды аныктаган.

Бузуулардын ичинде – 4 миң 803 субъектте уруксат берүүчү документтер жок болуп чыккан, 1 миң 392си патенттин жарактуулук мөөнөтүн өткөрүп жиберишкен, 643тө контролдук-кассалык машина жок болгон, ал эми 237и бузулган ККМди колдонгон. Мындан тышкары, 1 миң 961 субъектте чекти бербөө жана урбай коюу, 24дө акциздик маркалардын жоктугу же туура келбегендиги боюнча фактылар аныкталган, ошондой эле 760нда бузуулардын башка түрлөрү ачыкка чыккан.

Рейддик салык контроль жана контролдук сатып алуу менен бардыгы болуп 28 миң 76 субъектке жүргүзүлгөн, анын ичинен рейддик салык контролу менен 18 миң 964 субъект жана контролдук сатып алуу менен 9 миң 112 субъект камтылган.

Пикир

Оставить комментарий