• 87
  • 90.41
  • 0.84

Салык кызматы 7 айда алкоголсуз суусундуктардан 1,2 млрд сом акциз салыгын чогултту

Экономика 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын 7 айында алкоголсуз суусундуктардан 1 млрд 201,7 млн сом акциз салыгын чогултту.

Ведомстводон билдиришкендей, анын ичинде өлкөнүн аймагындагы өндүрүштөн 566,3 млн сом акциз салыгы жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттук акциз салыгынан 635,3 млн сом түшкөн.

2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгын жыйноо 281,6% га көбөйүп, өсүш 775 млн сомдон ашты.

Мындай өсүштүн негизги фактору 2024-жылы ТЭИ ТН 2202 товардык позициясына киргизилген суууларды, анын ичинде кант кошундулары же башка таттуу же даамдуу-ароматтык заттар камтылган минералдык жана газдалган сууларды акциздик маркалар менен милдеттүү маркалоону киргизүү болуп эсептелет.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында бул продукцияны өндүрүүгө жана импорттоого акциз салыгы салынат.

Пикир

Оставить комментарий