• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Салык кызматы беш айда салык жана камсыздандыруудан 94,8 млрд сом чогултту

Экономика 0

Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-май айларында 94 млрд 816,6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

Ведомствонун маалыматына караганда, белгиленген план 1,6 млрд сомго ашыгы менен аткарылды.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,3 млрд сомго көп жыйналган.

Анын ичинде 69 млрд 761,7 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналды. План 594,2 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2022-жылдын 5 айына салыштырмалуу 8,9 млрд сомго көп чогултулду.

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 25 млрд 54,9 млн сомду түзүп, план 1,1 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,4 млрд сомго көп.

Пландык көрсөткүчтөрдүн ашыкча аткарылышына таасир этүүчү оң факторлордун бири – салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча аткарылып жаткан иштер, бизнести көмүскөдөн чыгаруу болду.

Мындан тышкары, салык жол-жоболорун санариптештирүү компоненттерин – контролдук-кассалык машина, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, электрондук эсеп-фактура жана башкаларды киргизүү өз натыйжаларын берди.

Пикир

Оставить комментарий