Салык кызматы: Бирдиктүү салык декларациясынын формасы өзгөртүлдү

Экономика 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Бирдиктүү салык декларациясынын формасы, толтуруу жана берүү тартибине өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, Бирдиктүү салык декларациясынын формасы тиркемелер менен толукталды, анда салык төлөөчүлөр салык салуу объекттерин жана учурдагы жылга мүлк салыгы, жер салыгы боюнча эсептөөлөрдү көрсөтүшөт.

"Мында ушул токтом күчүнө киргенге чейин, башкача айтканда, 1-февралга чейин, салык декларациясын берген декларанттар такталган декларацияны тапшырууга милдеттүү эмес экендигин белгилейбиз", - деп кошумчалашты МСКдан.

Бирдиктүү салык декларациясынын формасы жана аларды толтуруунун тартиби өзгөртүүлөрдү эске алуу менен Салык кызматынын расмий сайтынын "Отчет формалары" бөлүмүндө жайгаштырды.

Пикир

Оставить комментарий