• 87
  • 90.43
  • 0.88

Салык кызматы Бирдиктүү терезеде онлайн кезек ээлөөнү ишке киргизди

Коом 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн Бирдиктүү терезеде онлайн кезек ээлөө кызматын ишке киргизди.

Азыркы учурда жаңы сервис борбор калаанын Ишкерлерди тейлөө борборунда жана Бишкек шаарынын салык органдарында жеткиликтүү.

Кызматты пайдалануу үчүн "Salyk.kg" мобилдик тиркемесиндеги "Сервистер" бөлүмүнөн "Кезек ээлөө" пунктун тандап, "Кабыл алууга жазылуу" баскычын басуу керек. Андан кийин форма пайда болот, ал жерден аймакты, салык органын, кызматтын түрүн, барган күнүн жана убактысын көрсөтүү керек.

Талондун номерин алуу үчүн аны салык органына барган күнү активдештирүү керек. Бирдиктүү терезеде орнотулган электрондук таблодо талонду активдештирүү үчүн зарыл болгон 4 орундуу код көрсөтүлөт. Максималдуу күтүү убактысы кезек алуу убакытысынан 15 мүнөт мурун жана 15 мүнөттөн кийин болот. Кезек ээлөө барганга чейин үч иш күн мурун жеткиликтүү жана жазууну түздөө жана жокко чыгаруу функциялары да бар.

Ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана салык төлөөчүлөрдүн ишенимин жогорулатуу үчүн тейлөө аймагы кызмат көрсөтүү процессин видео жана аудио жаздыруучу шаймандар менен жабдылган.

Онлайн кезек ээлөөнү киргизүү салык төлөөчүлөргө барууну алдын ала пландаштырууга, күтүү убактысын кыскартууга жана салык органдары менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий