Салык кызматы "Дордой Дыйкан" базарында ишкерлерге түшүндүрүү иштерин улантууда

Коом 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы базарлардын администрациясы менен биргеликте ишкерлерге патенттик системадан салык салуунун башка түрлөрүнө өтүү боюнча түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Көчмө окутуу семинарларына өзгөчө көңүл бурулуп, ишкерлерге контролдук-кассалык машиналарды, электрондук эсеп-фактураларды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды жана Салык кызматынын башка электрондук сервистерин колдонуу боюнча кеңири түшүндүрүп жатышат. Ошондой эле салык режимин тандоо боюнча консультация берилип жатат.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын башынан тартып "Дордой Дыйкан" СБКнын аймагында иштеген соодагерлер үчүн базарларга жана кичи базарларга салык салуу маселелери боюнча көчмө окутуу семинарлары көп жолу өткөрүлгөн.

Ишкерлердин ыңгайлуулугу үчүн бул базарда Салык кызматынын атайын окутуусунан өткөн салык консультанттары иштешет.

Азыркы учурда "Дордой Дыйкан" СБКнын аймагында 705 ишкердик субъекти өзүнүн экономикалык ишмердигин жүргүзүп жатат, алардын ичинен 531 субъект 0,1%дык ставка менен бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өткөн.

Ошондой эле Салык кызматынын инспекторлору бул базардын калган ишкерлерине патенттин негизинде соода ишин жүргүзүүнү жокко чыгаруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Салык кызматынын бизнести ийгиликтүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана консультацияларды берүү менен ишкерлерге колдоо көрсөтүүнү улантат.

Пикир

Оставить комментарий