• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Салык кызматы: ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштөө боюнча жаңы башкармалык түзүлдү

Экономика 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматында жаңы түзүмдүк бөлүм - Чүй жана Талас облустары боюнча Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгы түзүлдү. Бул тууралуу КР Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) басма сөз кызматы билдирет.

Жаңы башкармалыктын штаты МСКнын иштеп жаткан кызматкерлеринен толукталып, башкармалык жөнүндө тиешелүү жобо кабыл алынып, башка уюштуруу-техникалык жана укуктук маселелер чечилген.

Жаңы башкармалык импортчулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо товарларды эсепке алуу, товарларды ташып кирүү фактылары жөнүндө маалыматты аймактык салык органдарына онлайн-түрүндө берүү максатында түзүлгөн.

Бул башкармалыкка кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Жол" (Аламүдүн району), "Ак-Тилек" (Ысык-Ата району), "Чалдовар" (Панфилов району) жана "Чоң-Капка" (Манас району) контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги Кыргыз Республикасына товарларды ташып келүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пункттарынын иштерин уюштуруу милдети жүктөлгөн.

Эскерте кетсек, буга чейин транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу төрт пунктундагы иштерди жакын жайгашкан салык органдарынын кызматкерлери жүргүзүп келишкен.

Пикир

Оставить комментарий