• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Салык кызматы эки айда салыктар боюнча планды 1,3 млрд сомго ашыгы менен аткарды

Экономика 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын январь-февраль айларында 14 млрд 194,6 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Белгиленген план 110,7 %га аткарылды же 1 млрд 367,7 млн сомго ашыгы менен жыйналды.

Салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2020-жылдын 2 айына салыштырмалуу салыктар 2 млрд 275,6 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 119,1 %ды түздү.

Ошол эле учурда, ушул жылдын февраль айында 7 млрд 638,6 млн сом салык жыйналды. План 104,4 %га аткарылды же 321,6 млн сомго ашыгы менен чогултулду. 2020-жылдын февралына салыштырмалуу 551,5 сомго көп жыйналды.

Салыктар боюнча пландык көрсөткүчтөр экономиканын баардык тармагын анализдөө, мониторингдөө, бизнести көмүскөдөн чыгаруу, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен сооданын алкагында кыйыр салыктарды башкаруу жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча алгылыктуу иштердин натыйжасында ашыгы менен аткарылды.

Мындан тышкары, "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорлору, анын ичинде электрондук эсеп-фактураларды колдонуу өз натыйжаларын берүүдө.

Пикир

Оставить комментарий