• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Салык кызматы эртең 10 батир, 11 электромобиль жана чет өлкөгө 4 жолдомо ойнотот

Коом 0

Бишкек, 30.12.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 30-декабрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабынын башкы байгелерин ойнотот.

Салык кызматынан билдиришкендей, эртең 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат.

Утуштар УТРК жана Ала-Тоо24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт. Башталышы 15:00дө.

Эскерте кетсек, 25-29-декабрда 1 миң 219 баалуу байге ойнотулду.

Пикир

Оставить комментарий