Салык кызматы каалоочуларды кызыктыруучу акцияга катышууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы бардык каалоочуларды кызыктыруучу акцияга катышууга чакырат.

Ведомстводон маалымдашкандай, учурда акциянын биринчи этабы аяктап, көз карандысыз комиссия жыйынтыгын чыгарууда. Жакында бир iPhone 14 жана төрт смартфондун бактылуу ээлери белгилүү болот.

Кызыктыруучу акциянын экинчи этабы башталып, акция уланып жатат. Катышуучулардын баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Эскерте кетсек, акцияга катышуу үчүн өзүнүн Instagram же Facebook баракчаларына контролдук-кассалык чектердин жарандардын жашоосундагы мааниси тууралуу видео же фото материалдарды колдонуу менен пост жүктөө керек.

"Акцияга катышуунун шарттары жана эрежелери жөнүндө толук маалымат Салык кызматынын расмий сайтында жана социалдык баракчаларында жеткиликтүү. Биздин айлык акциядан байге утуп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий