• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн сальдосу боюнча онлайн кызматты ишке киргизди

Экономика 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Салык төлөөчүнүн кабинетинде камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча "Өздүк эсептин жыйынды карточкасы" жаңы кызматын ишке киргизди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, электрондук кызматтын жардамы менен салык төлөөчүлөр камсыздандыруу төгүмдөрүнүн сальдосу боюнча жыйынды маалыматтарды ала алышат. Бул кызмат салык жана камсыздандыруу милдеттенмелерин салык органына барбай эле башкарууга мүмкунчүлүк түзөт.

Жаңы сервисти пайдалануу үчүн Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги "Кызматтар" бөлүмүнө кирип, "Өздүк эсептин жыйынды карточкасы" кызматын тандап жана "Камсыздандыруу төгүмдөрү" баскычын басуу керек. Андан кийин каалаган аймакты жана датаны жазып, "Табуу" баскычын басуу керек.

Бул кызмат камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууда ачыктыкты жана ыңгайлуулукту жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Бул салык төлөөчүлөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча актуалдуу жана так маалымат берип, алмаштырылгыс жардамчы болуп эсептелет.

Кызматты колдонуу боюнча толук маалыматты жана кеңештерди төмөндөгү Telegram жана WhatsApp номерлери аркылуу алууга болот: (0221)00-01-16, (0776)00-01-16, (0508)99-66-69, (0755)00-01-16, (0997)00-01-16, (0312)61-01-67.

Пикир

Оставить комментарий