• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Салык кызматы киреше салыгы эмненин эсебинен көбөйгөнүн түшүндүрдү

Экономика 0

Бишкек, 05.11.24. /Кабар/. Салык кызматы 2024-жылдын август-октябрь айларында салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин 6 млрд 536,6 млн сом киреше салыгын чогултту.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, бюджетке киреше салыгынан августта – 1 млрд 938,5 млн сом, сентябрда – 2 млрд 304,6 млн сом, октябрда – 2 млрд 293,5 млн сом түшкөн. Ошентип, сентябрь жана октябрь айларында киреше салыгын чогултуу август айына салыштырмалуу 721,1 млн сомго көбөйгөн.

Мындан тышкары, август айынан октябрь айына чейинки отчеттордо көрсөтүлгөн жалданма жумушчулардын саны 37 миң 527 адамга көбөйгөн.

Ошондой эле октябрь айында август айына салыштырмалуу эмгек акы фонду 2 млрд 851,3 млн сомго көбөйгөн.

Сентябрдын башынан бери 52 миң 758 ишкердик субъекттери жана коммерциялык эмес уюмдар 12,25% өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифин колдонууну ырастоо жол-жобосунан өтүштү.

Бул жыйынтыктар КР президентинин "Ишкердик субъекттери үчүн жагымдуу салык чөйрөсүн түзүү жана камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздоого кызыкчылыгын жогорулатуу жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруунун алкагында ишке ашты.

Пикир

Оставить комментарий