• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Салык кызматы: КНСти башкаруу жана эсеп-фактураны колдонуу тартибине өзгөртүү киргизилди

Экономика 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө кошумча нарк салыгын (КНС) башкарууга жана эсеп-фактураны колдонуу тартибине бир катар өзгөртүүлөр киргизилгендигин маалымдайт.

Тактап айтканда, министрлер кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 528 токтомуна ылайык, жеткирүүдө жана импорттоодо КНСти төлөөдөн бошотулган дары каражаттарынын, медициналык буюмдардын, ошондой эле дары каражаттарын өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдардын мурда бекитилген Тизмеги күчүн жоготту.

Мындан сырткары, министрлер кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 512 токтомуна ылайык, альтернативдик энергетиканы өнүктүрүүнү колдоо максатында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын жети түрү импорттодо КНС төлөөдөн бошотулган.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 499 токтомуна ылайык, Кыргызстандын базарларынын жана кичи базарларынын реестрине киргизилген базарларда жана кичи базарларда соода ишин жүргүзгөн салык төлөөчүлөрдөн товарларды сатып алууда эсеп-фактураларды өз алдынча тариздөө боюнча милдеттүү талап киргизилет. Электрондук эсеп-фактурада эскертүүлөр бөлүмүндө ЭТТК номерин көрсөтүү зарыл.

Белгилей кетсек, жаңы өзгөртүүлөр токтом расмий жарыялангандан тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр боюнча кененирээк маалыматты жана консультацияны 116 номери аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий